7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда жол кырсыгына кабылгандар Кыргызстанга алып келинди

732

Казакстанда жол кырсыгына кабылгандар Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР жарандарынын катышуусундагы кырсык 2024-жылдын 10-февралында Кызылорда облусунун Арал районунда болгон.
«Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу жана Шымкент шаарындагы Ардактуу консулдугу жол кырсыгына кабылган КР жарандарын Шымкент шаарындагы кыргыз диаспорасы менен тыгыз кызматташтыкта мекенине ийгиликтүү алып келишти», — деп берилет маалыматта.

21-февралда Казакстан (Кордай) менен чектешкен «Ак-Жол — автодорожный» өткөрмө пунктунда жабыркаган мекендештер андан ары зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

733