7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандагы кылмыштуу топтун издөөдө жүргөн мүчөсү Бишкектен кармалды

859

Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарында 1988-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«2019-жылы Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү мунай скважинасынан мунай уурдоону уюштурганы аныкталган. Жыйынтыгында Казакстандын Мангистау облусу боюнча Экономикалык иликтөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, андан кийин Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун О.И.О. аттуу мүчөсүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Ошондой эле, ал опузалоо жолу менен У.С.М. аттуу жарандын 760 миң АКШ долларын ээлеп алган. Буга байланыштуу ал уюшкан топтун курамында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Казакстандын тергөө органдарынан жашынып, андан кийин Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.И.О.га КРнын жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугу жана ошондой эле аны коргоп жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери аныкталууда»,- деп берилет маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын башка Кыргызстандын аймагында жасаган мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

860