7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандагы парламенттик шайлоодо бийликтин «Нур Отан» партиясы жеңишке жетти

223

Казакстандагы парламенттик шайлоодо бийликтин «Нур Отан» партиясы жеңишке жетти.
Кечээ, 10-январда коңшу Казакстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Анда Нурсултан Назарбаевдин «Нур Отан» партиясы эң көп добуш ала алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жалпы беш партия ат салышты. БШКнын маалыматы боюнча, парламенттик шайлоого шайлоочулардын 63,3 пайызы катышты. Анда бийликтеги «Нур Отан» партиясы 71,97 пайыз менен алдыда озуп чыкты. Экинчи орунду «Ак Жол» демократиялык партиясы 10,18 пайыз добушка ээ болсо, үчүнчү орунду 9,03 пайыз добуш менен «Казакстан Элдик партиясы» ээледи. Ошентип Казакстандын мажилисине (парламентине) шайлоого катышкан беш партиянын үчөө мыйзам чыгаруу органынын мүчөсү боло алат. Ал эми «Айыл» партиясы (5,75 пайыз) жана «Адал» партиясы (3,07 пайыз) добушка ээ болушту.

Казакстандын биринчи президенти «Нур Отан» партиясынын төрагасы Нурсултан Назарбаев партиялаштарын жеңиши менен куттуктады.

«Добуш берүү күнү Алматы шаарында нааразычылык акциясы болуп, анын катышуучулары добуш берүүнү легитимсиз деп эсептешти. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиргенине караганда, полиция 100гө жакын активистти кармады, андан кийин алардын бардыгы бошотулду», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

224