7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

346

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 21-августта, Кыргызстанга расмий сапар менен келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Казакстандын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилген. Улуттук кийимчен кыздар Касым-Жомарт Токаев менен саламдашып, ага гүл жана боорсок менен бал сунушту.

Мамлекет башчылары үчүн кыргыз жана казак музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулган.

Жогорку даражалуу мейманды ошондой эле кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган улуттук каада-салттарга ылайык тосуп алышты.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

347