7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандын Президенти Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

288

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин башчысынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Токаев Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, добуш берүүнүн жыйынтыктары, «анын мамлекеттүүлүктү андан ары чыңдоо жана Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуш кылган программасын колдоолорунун далили», — деп белгиледи.


Казакстандын Президенти боордош республика менен «эки мамлекеттин элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген достук, коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүгүнө» кызматташтыкты андан ары өркүндөтүү багытына бекем берилгендигин билдирди.


Ошондой эле, Жапаров мамлекет башчысына жана жалпы казак элине «Кыргыз Республикасын туруктуу жана өнүгүүгө карай умтулуусунда чексиз колдоо көрсөткөндүгү үчүн» ыраазычылык билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

289