7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанга тамекини мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

592

Кыргызстандан Казакстанга тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу каналы токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ак-Жол-унаа жол” өткөрмө пунктунда Кыргызстандын К.А.К. аттуу жараны «Mercedes-Benz Sprinter 416» үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2078 блок тамеки буюмдарын акциздик маркасы жана эч кандай товардык документтери жок Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Аталган унааны тинтүүдө 35 куту (ар биринде 50 блоктон) жана 328 блок тамеки буюмдары табылган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча жогоруда аталган тамеки буюмдарына акциз салыгын төлөөдөн качуудан мамлекеттик бюджеттин чыгымы 1 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

593