7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кечиримдүү болушубуз керек». Президент Атамбаев тууралуу комментарий берди

920

— Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кечээ өлкөбүздө орун алган окуя – мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иштери кайра кароого жиберилиши жана анын дарылануу үчүн чет жакка чыгуусуна уруксат берилишине сиздин пикирди билсек. Соттун чечимине көз карашыңыз кандай болду, чечимине макулсузбу?

 Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз.

«Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын» деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: «Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын»,- деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат.

Булак: «Кабар» маалымат агенттиги

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

921