7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Келечек базары. Ашканадан чыккан өрт дүкөн, цехтерди кошо күйгүздү

1405
Түндө Ош шаарындагы Келечек базарынын  маңдайындагы ашканадан өрт чыгып, бир нече дүкөн жана токардык цехтин чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз жеринен кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, Келечек базарынын маңдайындагы  Масалиев көчөсүнүн экинчи тарабындагы дүкөндөр өрттөнгөң. Ал түнкү 00:21 чамасында ашканадан башталган.

Өзгөчө кырдаалдар кызматы, өрттү өчүрүүгө жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм катышып, өрт 01:13тө чектөөгө алынып, саат 03:37де толук өчүрүлгөнүн жазат.

Натыйжада ашкана, токардык цех, кийим сатуучу дүкөн, азык-түлүк дүкөнү, текстиль дүкөнү жана жаңы курулуп жаткан дүкөндүн чатыры күйду.
Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 ч.м. аянт күйдү. Жабыркагандар жок.
Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1406