Кадамжайда өрт кырсыгы катталып, бир адам 3-даражадагы күйүк алган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Марказ айылында жалпы 3 бөлмөлүү турак үйдөн өрт чыккан.Үй ээси 1984-жылы туулган М.М. аттуу аял киши эки колунан жана бетинен күйүк алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.