7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Келерки окуу жылында 4 класс 12 жылдык окуу программасына киргизилет

423

Келерки окуу жылында төрт класс 12 жылдык окуу программасына кошулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова билдирди.

Анын айтымында, 2025-2026-окуу жылында 6 жашка (2019-жылы төрөлгөн балдар) толгон балдар 1-класска кирет. Алар милдеттүү түрдө мектепке барышы керек. Себеби, алар үзгүлтүксүз эвалюция жолу менен окушат. Ал эми 7 жашка толгон балдар 2-класска секирет.

“Азыркы тапта алар мектепке чейинки окуу программасын окуп жатышат. Демек, алар жазганды, сүрөт тартканды билишет. Ошондуктан биз бул балдарды 2-класска секиртебиз. Булар да эвалюция жолу менен мындан ары секирик жасабай окушат”- деп билдирди Солтогулова.

Ошондой эле быйыл 2 класс секирик жасайт. Алар азыркы учурда 3-классты жана 6-классты окуп жаткан окуучулар. Тагыраагы, 3-классты окуп жаткан окуучулар 2025-2026-окуу жылында 5-класска секирет. Бирок алар 4-класстын жаңыртылган, башка мазмундагы программасын окушат. Ал эми азыркы учурда 6-классты окуп жаткандар келе жаткан окуу жылында 8-класска секиришет. Бирок алар 7-класстын программасын окушат.

Билим берүү министрлигинин адиси 12 жылдык окуу методу толугу менен мектептерде 3 жылдын ичинде киргизилерин билдирди.

424