7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде ар бир жылкыга чип басылып, идентификациялоо иштери жүргүзүлүп жатат

857

Кеминде ар бир жылкыга чип басылып, идентификациялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, идентификациялоо иши 2021-жылдын июль айынан бери «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде жүргүзүлүп келет.

Анын максаты чарбаларды каттоо, идентификациялоону жана идентификацияланган жаныбарларды бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо болуп эсептелинет.

«Ар бир айылда жылкыларды чиптөөдөн өткөрүү үчүн «раскол» орнотулуп, жылкыларды идентификациялоодон өткөрүү иштери жүргүзүлүп жатат.Кемин райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин жүргүзүүгө, ошондой эле идентификациялоо каражаттарын жана жаныбарларды идентификациялоо үчүн зарыл башка көмөкчү материалдар менен камсыз кылуу жагы колго алынган. Район башчысы Алайбек Жумаев бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, активдештирүү үчүн иш жүргүзүүдө», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

858