7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде мамлекетке кайтарылган жерде ипотекалык негизде бериле турган үйлөр салынат

437

Кеминде мамлекетке кайтарылган жерде ипотекалык негизде бериле турган үйлөр салынат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Чүй облусунун Кемин районунда убагында менчикке мыйзамсыз чыгарылып, жакында мамлекетке кайтарылган 353,3 га жер тилкесинде Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курат.

Турак үйлөр 9 кабаттан болот. Бул жер Кемин шаары деп аталат. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөөгө батирлер берилет.

Мамлекетке кайтарылган бул жер тилкеси Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт.

Тийиштүү чечимди Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алды.

Компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак-жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Эске салсак, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Кемин районунда жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 353,3 га жер мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирген.

438