7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеша каймана аты менен таанылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

285

2009-жылдан бери каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, кримчөйрөдө Кеша каймана аты менен таанылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ал мамлекеттик чек араны системалуу түрдө мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда. Шектүү Камчы Көлбаевдин тарапташы болгону, ага чейин Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгону айтылат. Р.К.Р. 2016-жылы тыюу салынган баңгизат саткандыгы үчүн 12 жылга кесилген. Жазасынын жарымын өтөгөндөн кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз берип, Токтогул райондук соту аны канааттандырган.

2022-жылдын 18-октябрынан 2025-жылдын 13-мартына чейин пробациялык көзөмөлдө болгон. 2024-жылдын декабрында ал көзөмөл шарттарын одоно бузуп, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан «брод» деп аталган тилке аркылуу ары-бери өтүп жүргөн.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен чогуу жүргүзүлгөн операциянын алкагында шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

286