7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кино искусствосу. Бишкекте “Үмүт” эл аралык кинофестивалы өтүүдө (фото)

647

Өлкөбүздө Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналган кинофорум өтүп жатат. Бул тууралуу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

X эл аралык КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографтарынын «Үмүт» кинфоруму 19-июнда башталып, 23-июнга чейин созулат.  Иш-чараны  Москвада жайгашкан  мамлекеттер аралык гуманитардык  кызматташтык фонду колдоого алган.

Ошондой эле ”бул постсоветтик өлкөлөр арасында ЮНЕСКО сыяктуу уюм”- деп кошумчалады Төлөмүшова.

Айта кетсек, алгачкы форум  жергиликтүү деңгээлде өтүп , ага  Кыргызстан гана катышкан. Кийин маданият министрлиги IFES долбооруна катышууну сунуштап, 2016-жылдан тарта кинофестифаль  эл аралык макамга ээ болгон.

Форумдун расмий ачылышы бүгүн уюштурулуп, ага ардактуу конок катары Кыргыз Эл артисти, кинорежиссёр Геннадий Базаров чакырылган.

Иш-чаранын программасы эки сынакты камтыйт. Улуттук 16 фильм, дипломдук иштер жана студенттердин эмгектери.

Эл аралык 15 фильм жана анын ичинде Армения, Азербайжан, Россия, Тажикистан, Казакстан, Өзбекстан жана Кытай режиссерлорунун тасмалары жайгаштырылган.

Эске салсак, кинофорум 10 жыл ичинде кино ишмерлердин жана жаш муундардын ортосундагы диалогду өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648