Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун президенттик “Манас” оркестринин жандуу классикалык музыка концертине чакырат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, концерт 26 жана 27-майда саат 19:00дө эски аянтта ачык асман алдында өтөт. Концерттин максаты – ар бир адамдын жана жалпы коомдун маданий жана руханий потенциалын өнүктүрүү жана ишке ашыруу. Иш-чара президенттин Администрациясынын колдоосу менен өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, оркестрдин көркөм жетекчиси, башкы дирижеру, Эл артисти – Эрнис Асаналиев. Кирүү акысыз.