КР УКМК алдын ала макулдашуу боюнча киши өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады.
2025-жылдын 31-мартында Чүй обласунун Новопавловка айылында жайгашкан «Халва» чайканасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун төмөнкү мүчөлөрү: А.у.Б., М.Н.М., Ч.у.Э. жана С.А.С. тарабынан Н.у.Б. аттуу жаранга катуу кол салуу болуп, ал көп жолу бычактан жараат алып, оор абалда аймактык ооруканага жаткырылган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бычактоого тиешеси бар адамдар изи сууй электе кармалган.
Алар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турган жана бир нече жолу соттолгон.
Азыркы учурда КР ЖПКнын 96-беренеси боюнча кармалгандар КР ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.