7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Китеп караңгы жолдо адамга жарык берген шам чырак

1421

Бүгүнкү күндө көпчүлүгү китеп окууну токтотуп, дүйнөлүк желе каптап, виртуалдык жашоого чөмүлгөндөй…Ооба, замандын талабы менен өнүгүү керек, бирок китеп окуу бул эч качан модадан калбаарын эсиңизге салалы…

Китеп окуунун пайдасы жана кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.

Сөз байлыкты көбөйтөт.

Ар кандай жанрдагы чыгармаларды окуганда, адатта, күнүмдүк жашоодо колдонулбаган сөздөргө жолугасың. Акырындап сөзмөр боло баштайсыз…Алсак, күнүмдүк эле жашоодо тойлордо эл алдына чыгып каалоо- тилек айтууда, маанилүү жолугушууларда, конференцияларда жана башка ушундай кырдаалдарда өзүңүздүн оюңузду жеткиликтүү айтып бере алганга жардам берүүчү маанилүү куралыңыз бир гана китеп боло алат.

Китеп окуу өзүнө болгон ишенимди арттырат

Сүйлөшүүдө сөзгө бай , туура сүйлөгөндү, терең түшүндүрүп бере ала турган инсан болууну үйрөтөт. Эгерде адамдарга булбулдай сайрап бергиңиз келсе , эң жакшы ыкма. Анан дагы таамай айтып так сүйлөп турсаңыз барктуу болосуз.

Китеп окуу стрессти азайтууга жардам берет.

Азыркы убакта стресстен арылуу көпчүлүктүн негизги түйшүгү болуп саналат. Маалыматтын кызыктуулугу , көптүгү, ритми психиканы тынчтандырып, организмди стресстен арылтат. Айрыкча, жатар алдында ар күнү окусаныз жакшы жардам берет.

Эс тутумду жана ой жүгүртүүнү өнүктүрөт.

Китеп окуунун маанилүү пайдаларынын бири – бул анын ой жүгүртүүбүзгө тийгизген оң таасири. Окууда биз чыгарманын маанисин түшүнүү үчүн көбүрөөк ойлонобуз. Бул эс тутум менен логиканын өсүшүнө чоң пайда көрсөтөт.

Китеп окуу адамдын жаштыгын сактайт.

Мээни көп иштетпегенде, көп ой жүгүртпөгөнгө адамдын организми бат картайары далилденген. Окуп туруу мээңизди тынымсыз иштетет, натыйжада карылык артка жылат.

Китеп адамдар менен бат тил табышууну үйрөтөт. 

Окуу сабаттуулукту гана эмес, сүйлөө жөндөмүңүздү да — өз оюңузду так, жана туура айтуу жөндөмүңүздү жогорулатат. Бир нече классикалык чыгармаларды окугандан кийин, сиздин сөз байлыгыныз жогорулайт. Сиз такыр окубаган адамдарга өзгөчө чоң таасир калтырып, кызыктуу маектешүүчү болосуз, балким алар да китеп окууга кызыгып окуп калса,себепчи болосуз.

Көңүл коюну үйрөнөсүз.

Оюңузду бир жака коюп, алаксыбай , кызыгып түшүнүүгө аракет жасайсыз. Бул жашоодо өтө керектүү болгон нерсе.

Чыгармачыл адам болгуңуз келеби? Анда сизге жардамчы китеп.

Сөздөр өзүнөн өзү эле жарала бербейт. Мааниси бар ыр жазуу үчүн терең түшүнүктөгү, маанилүү текст жазуу абзел. Эгерде алып баруучулук кесипти аркалагыңыз келсе, тилиңизден бал тамган, сөздү тандап сүйлөй турган болушуңуз керек. Андыктан китеп окуганга аракет жасаңыз.

Китеп тууралуу 9 кызыктуу факт:

1. 4-6 жаштагы бала китеп окууга бат көнөт, жана жеңил үйрөнүп кетет.

2. Китептерди көбүнчө 45 жаштан жогоркулар сатып алышат.

3. Википедиянын версиясы боюнча эң калың китептин салмагы 8 килограмм.

4. Алгачкы китеп басмакана Кытайда пайда болгон.

5. 6 мүнөт китеп окуу стресстен арылтат — муну Сассекс университетинин окумуштуулары далилдешкен.

6. Алгачкы китептер болжол менен 2000 жыл мурун пайда болгон

7. Үн чыгарып окуганда адам жайыраак окуйт, ал эми ичинен окуса бат сезилет.

8. Түнкүсүн китеп окуу уйкуңузду келтирет, бул уктоого жардам берет.

9. Жер жүзүндөгү эң популярдуу китеп – Библия. Бул китеп дүйнөнүн 2056 тилинде басылып чыккан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1422