7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бир бөтөлкө сууга уруксат берилет». Китепканада жүрүү эрежесин билип алыңыз

487

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарандардын эсине китепканада өзүн алып жүрүү эрежелерин эскертти.

 Китепкана – бул китептерди сактаган маданий мекеме. Бул жерге мектеп окуучулары, студенттер, аспиранттар дегеле китеп окуу, иштөө жана билимин байытууну каалагандардын баары келишет. Ар бир китепкана бир нече бөлмөдөн турат.

Китепканадагы жүрүм-турум эрежелери келгендер тарабынан так сакталышы керек, ошондо гана ар бир адамдын китепканада өткөргөн сааты пайдалуу жана жемиштүү болот.

Китепканада эмнелерди эске алуу керек:

— Китепканага кирип баратканда кийим илгичке сырт кийимдерди, көлөмдүү сумка жана баштыктарды калтыруу керек

— Бөлмөгө киргенде китепканачыга салам айтууну унутпаңыз. Ал сиз сураган китепти табууга жардам бергенден кийин, анын жардамы үчүн рахмат айтууну да унутпаңыз

— Уюлдук телефонуңузду үнсүз режимге коюңуз

— Суроолоруңуз болсо, китепканачыларга сылык, акырын кайрылыңыз

— Китепкана өзгөчө тынчтыкты талап кылат Андыктан, башкаларга жана мекеме кызматкерлерге тоскоолдук кылбай, өзүңүздү тынч алып жүрүңүз. Мурдуңузду катуу тартуу, тынымсыз жөтөлүү же башка үндөрдү чыгаруу да абдан тоскоолдук жаратат. Орой мамилеге да жол берилбейт

— Акырын сүйлөш керек десе эле тынымсыз шыбырай берүү да окууга көңүл бурган башка адамдарды алаксытат

— Китептерге аяр мамиле кылыңыз, анткени алар канчалык узак болсо, ошончолук көп адамдарга баалуу билимди бере алышат

— Барактарды бырыштырбаңыз, жыртпаңыз жана четтерин бүктөбөңүз

— Четтерине карандаш, калем же башка жазуу шаймандары менен белгилерди калтырбаңыз

— Колуңуз таза болушу керек, антпесе барактар кирдеп калышы мүмкүн

— Тамак-ашты алып албаңыз: чипсы, крекер, бутерброд, балмуздак ж.б,

— Бир бөтөлкө сууга уруксат берилет. Алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынат, ошондой эле ичип алууга кирүүгө болбойт.

— Китепканадан чыгып жатканда кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, коштошууну унутпаңыз.

— Балдар китепканаларында белгилүү даталарга же майрамдарга арналган ар кандай иш-чаралар көп өтөт. Бул иш-чараларда балдар тартипти бузбай, өздөрүн тартиптүү алып жүрүүсү кажет.

— Китептер окурманга белгилүү бир мөөнөткө берилет, аны кечиктирбестен кайра кайтарыш керек.

488