7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ: 44 турак жайга болгон коркунуч толугу менен жоюлат (ВИДЕО)

243

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Аксы районундагы кооптуу тилкелерди кыдырды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалым болгондой, министр Ак-Жол жана Кара-Камыш айыл аймактарындагы сел коркунучу бар тилкелер менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдарына сунуш киргизүү үчүн тиешелүү долбоордук документацияны даярдоону тапшырды.

Ошондой эле Чыныбаев Кара-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин көрүп , жарандардын коопсуздугу ар дайым артыкчылыктуу болушу керек экенин белгиледи.

Мындан тышкары, ал Сары-Челек жана Кара-Камыш аймактарындагы жер көчкү коркунучун азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринен көрдү. Азыркы учурда мүмкүн болуучу коркунучтарды жоюу үчүн механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында аталган айыл аймагындагы 44 турак жайга болгон коркунуч толугу менен жоюлат», — деп белгилешти ӨКМден.

Соңунда министр Аксыда сел жана жер көчкүдөн коргоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

244