7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ суук аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

261

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

30-ноябрда күндүз жана 1-2-декабрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° …+2°, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан …+4° чейин жылуу болушу күтүлөт.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, бийик тоолордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11° чейин суук аба ырайы күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

262