7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт башчы Талас шаарында 900 орундуу мектептин курулушуна капсула салды

199

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Аземге 900 орундуу окуу жайдын курулушун колдоого алган “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев да катышты.

Адылбек Касымалиев билим берүү тармагына 2020-жылы 37 млрд бөлүнсө, 2024-жылы 81 млрд сом бөлүнүп 3 эсе көп каржылоо каралганын айтты. Ал билим берүү тармагында чоң реформалар күтүлүп жатканын баса белгиледи.

“Өлкөдө мектептер жана башка социалдык объекттер тынымсыз курулуп жатат. Бишкекте 5-6 айдын ичинде эле 15 мектеп 3 бала бакча курулду. Өлкөдө 2023-жылы – 143, 2024-жылы – 190 мектеп жаңы салынды. Акыркы 2 жылда Талас облусу боюнча 23 мектеп, 7 бала бакча  курулду”, — деди ал.

Аталган мектептин окуу класстары заманбап интерактивдүү такталар жана компьютердик жабдуулар менен жабдылат. Химия, физика жана биология кабинеттеринде атайын лабораториялары кошо салынат. Мектептин аймагында чоң стадион, машыгуучу зал, футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, балдар үчүн оюн аянтчасы курулат.

Ошондой эле 400 орундуу чоң актовый залы, ашкана жана эс алуу жайлары каралган. Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн видеобайкоо камералары, өрткө каршы коопсуздук системалары жана медициналык кабинет орнотулат.

        

200