7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү боюнча документ даярдады

578

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү иретинде документ даярдады. Бул туурасында Премьер-министр Улукбек Марипов Көк-Таш (Төрт Көчө) айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

«Тийиштүү чечимге мен тарабынан кол коюлуп, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Ал кабыл алынган соң, Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болот, анда салык жеңилдиктери да каралат», — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы ошондой эле турак-жайлары талкаланган, же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үйлөр курулаарын билдирди.

«Кеп Баткен районундагы – 30, ошондой эле Лейлек районундагы 70 турак-жай тууралуу жүрүүдө. Учурда комиссия эсептөөлөрдү жүргүзүүдө, ал ишин жыйынтыктаары менен курулуш иштери башталат. Биз суук түшкүчө бардык иштерди аякташыбыз керек»,- деп белгиледи Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, учурда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579