7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт күйүүчү майдын баасын кармап турууга чара көрүлөөрүн айтты

765

КРнын өкмөтү күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өсүүсүнө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде КРнын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда дүйнө жүзүндө күйүүчү-майлоочу майга (КММ) баанын өсүү тенденциясы байкалууда.

“Ушуга байланыштуу КР өкмөтү КММнын мындан ары да кымбатташына жол бербөө боюнча нефтетрейдерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, деди ал.

Мындан тышкары, министр республиканын бардык мунай базаларында тартыштык байкалбайт деп белгиледи.

Эскерте кетсек, КРда мунай жана мунай продуктыларын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

766