7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөттө бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

285

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Биз Кыргыз Республикасына товарларды ташуу көлөмүн жогорулатуу максатындагы бажы инфраструктурасын куруу жана жабдуу ишинин токтоп туруусуна көз жума албайбыз. Бир жарым ай мурда, жүк ташуулардын көлөмүнүн төмөндөө себептерин караганыбызда, инфраструктураны өркүндөтүү, дезинфекциялык барьерлерди, товарларды крандар менен жүктөө аянтчаларын куруу, товарларды толук кандуу эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде атайы бажы-логистикалык аймактарды, аэропорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилген», — деп белгиледи Новиков.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев белгилегендей, бажы инфраструктурасын өнүктүрүү планы даярдалган, бажы-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча келишимдерди түзүү жыйынтык баскычта турат жана жакынкы учурда тийиштүү долбоорлор ишке киргизилет.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча кытай тарап менен биринчи этапта «Эркечтам» өткөрүү пунктунда өткөрүлүүчү жүк ташуучу унаалардын санын 30га дейре жана «Торугарт» өткөрүү пунктунда 15 автоунаага дейре жогорулатуу үчүн тийиштүү инфраструктураны даярдоону жыйынтыктоо боюнча консультацияларды тездетүү тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

286