7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ ЖЭБдеги калыбына келтирүү жумуштарын аяктады

601

Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштер бүгүн толугу менен аягына чыгарылды.

2-февралдан тарта ӨКМдин кызматкерлери ЖЭБдин ичиндеги жарылуудан аккан сууларды мотомпомпа менен сордуруу, курулуш кадыктарынан тазалоо жана ЖЭБдин имаратын жылуулоо ишин жүргүзүштү. Мындан сырткары, атайы даярдыктагы куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен ЖЭБнин чатырын оңдоп-түзөө жана жабуу ишине көмөктөштү.

Коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип турду. Өрт чыккан ЖЭБнин аймагында изилдөө иштери жүргүзүлүп, Сыноо лабораториясы тарабынан өрттүн себептери аныкталууда.

2-9-февраль күндөрү ӨКМден жалпы 120 куткаруучу, 24 техника тартылган. Жеринде кызматкерлердин тамактануусу үчүн 10 чатыр жылынуу пункту катары даярдалган. Ал эми ЖЭБдин аймагындагы өзгөчө кырдаал режими азырынча алына элек.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

 

602