7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкор районунун тургуну: «73 жаштагы дарыгер неберемди төрөтүп жатып бутун сындырып салган»

1563

Кочкор районундагы Төлөк айылынын тургуну Байбостонов Маратбек Медетович, кесарево жолу менен төрөлгөн небересинин бутун дарыгерлер сындырып алганын айтып, биздин редакциябызга кайрылды.

Анын айтымында, Кочкор районундагы төрөт үйүндө ымыркай кесарево жолу менен төрөлгөн. Дарыгерлер баланын ден-соолугу жакшы деп ооруканадан чыгарып салышкан.

«Дарыгерлер кесарево жолу менен төрөтүп жатып неберемдин бутун сындырып алышкан. Балким дарыгерлер убагында эле билишкен… 26-декабрда төрөсө 31-декабрда чыгарып беришти. Ал аябай ыйлап, басылбай жатты. Бир нерсе болгонго десек, баары жакшы деп чыгарып коюшту. Бала ыйлап чыдабагандыктан 5-январда №3 балдар ооруканасына алып келип көргөздүк. Сан жилиги сынып калыптыр дешти. Андан соң, ооруканада он күндөн ашуун буту асылып турду. Жыйынтык бербегендиктен ымыркайдын бутуна операция жасалды. Неберемди төрөткөн дарыгер 73 жашта экен. Дарыгерлер кокустук болуп калды дегенден башка эч нерсе айтышпайт. Мен бардык тараптарга кайрылып жатам. Буга чейин канча адам сыздап калышты. Дарыгерлерде жоопкерчилик болушу керек да»,- деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысына байланышканыбызда учурда баланын окуясы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1564