7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кой-Таш окуясынан жапа чеккен генерал-майор Самат Курманкулов Москвага дарыланганы кетти

768

Мурдагы Чүй ОИИБнын башчысы, мамлекеттик стабилдүүлүктү сактоодо Кой-Таш окуясынан жапа чеккен генерал-майор Самат Курманкулов Москва шаарына Калыбына келтирүү борборуна дарыланганы кетти. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев фейсбук баракчасынан билдирди.

“Эсен-аман жетип, жакшы дарыланып келсин. Кудайым шыпаа берип, батыраак сакайып кетсин.

Ал эми колдоо көрсөткөн Тышкы иштер министри Жээнбек Молдокановичке, Кыргызстандын Россия федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара-Самат айымга жана «Манас» Эл аралык аэропортунун жетекчиси Манас Самудиновичке ыраазычылык билдирем. Ишиңиздерге ийгилик!”,- деп билдирүү калтырган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш окуясында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ага эки жолу оор операция жасалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

769