7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кой-Таш окуясында жарадар болгон Самат Курманкуловго генерал-майор наамы берилди

3887

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 9-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана ички иштер министри Улан Ниязбеков Курманкуловдун үй-бүлөсү менен жолугушуп, ага милициянын генерал-майору наамын ыйгарышкан. Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка 5-майда кол койгон.

Самат Курманкулов 2019-жылы 7-8-августунда Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башынан оор жараат алган. Ал Москвадан дарыланган, учурда абалы жакшырып калганы маалымдалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3888