7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кой жүнүнөн жасалган жер семирткичтин натыйжалуулугу изилденүүдө

301

Сокулукта койдун жүнүнөн алынган жаңы органикалык жер семирткичтин эффективдүүлүгү изилденүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлады.

Сыноону Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту менен Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти жүргүзүүдө.

Сокулуктагы кант кызылчасы боюнча тажрыйбалык төрт гектар жерге кой жүнүнөн жасалган жер семирткичтин төрт түрү күздүк буудайга (5 сорт) жана күздүк арпага (4 сорт) гектарына 600 килограмм, 500 килограмм жана 400 килограмм себилген. Натыйжа сугат мезгилинде алынат. Көчөттөр пайда болгондон баштап түшүм жыйноого чейин фенологиялык байкоолор жүргүзүлөт. Бул жер семирткичтин өсүмдүктөргө тийгизген таасирин талдоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасында жер семирткич себилбеген жер (салыштыруу үчүн), кой жүнүнөн жер семирткич, минералдык жер семирткич, жарым-жартылай бышкан кык себилген аянттар салыштырылмакчы.

Алгачкы жыйынтык октябрдын аягында жүгөрү бышканда чыгарылат.

302