7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кокулов курулуш компаниялардан жабыркаган жарандардын маселесин көтөрдү 

553

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов курулуш компанияларга көпчүлүк адамдар алданып үй ала албай жатканын айтып, анын кесиптештеринин биринин курулуш компаниясынан жабыркаган 5000 адам көчөдө калганын айтты.

“Биздин коллегабыздын курулуш компаниясынан жабыркаган 5000 адам көчөдө жатат. 10 курулуш баштаган бирөөсү дагы бүткөн эмес, мына ал Жогорку Кеңеште отурат. Кандай көз караштабыз? Силерге эч кимиңерге кат келбей элеби? 90 депутатпыз, ар бириңерде курулуш компанияга алданып калган бирден таанышыңар бар. Көчөдөн да сурап көрдүм, ар биринде тууган, тааныштары бар экен. Бул деген миллиондогон акча да”,- деди депутат.

554