7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дарыгерлерге кол көтөргөндөрдү 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды

409

Дарыгерлерге кол көтөргөндөрдү 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды. Мыйзам долбоорун 5 депутат демилгелеген.

Сунушталган мыйзам долбоорунда өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан учурда медициналык же фармацевттик жана педагогикалык кызматкерлерди коркутуп, аларга карата зомбулук жасагандарга кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү каралган. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорун иштеп чыгууга акыркы маалда бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү учурунда дарыгерлерге кол салуу фактыларынын көбөйгөнү себеп болгон.

Депутат Жанар Акаев 2023-жылы эле ар кандай себеп менен 2125 врач жумушун тапшырып бергенин айтты.

“Мындан аз убакыт мурун Улуттук госпиталдын дарыгери, андан соң Оштогу Психиатрия жана наркология борборунун дарыгери, көп өтпөй Улуттук госпиталдын Неврология бөлүмүнүн кош бойлуу медайымы иш учурунда сабалганы дарыгерлерди коргогон катаал мыйзам зарыл экендигин көрсөттү. Бул учурлар ачыкка чыкканы гана, коомчулукка чыкпай калган учурлар ондоп саналат. Дагы бир өкүнүчтүү расмий маалымат менен бөлүшөйүн, Кыргызстанда 2023-жылы эле 2125 дарыгер жумушун тапшырган. Жүздөгөн дарыгерлер чет өлкөлөргө жумушка кетишти. Андыктан ак халатчан адистерибизди мыйзамдык жактан коргоп, тез арада алардын айлык маянасын жогорулатуубуз зарыл. Ага ылайык, айлык акыны жогорулатуу тууралуу да токтом долбоорун сунуш кылабыз”, – деди Акаев.

Тагыраагы, мыйзам долбоору кабыл алынса, медициналык же фармацевттик, ошондой эле педагогикалык кызматкерге коркутуу же ага карата зомбулук колдонулса эки айдан бир жылга чейинки түзөтүү жумуштарына тартылат. Же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул салынып, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Эгерде күч колдонула турган болсо, анда 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы колдонулат.

410