Кечээ түштөн кийин Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолдогу көпүрө сынып, андан өтүп бараткан жол тейлөө иш канасынын кызматкери экскватор менен түшүп кеткени ӨКМдин аймактык бөлүмүнө кабарланган.
Аталган жерге, жарым саат ичинде Кара-Кол шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан куткаруучулар барган. Андан кийин, кечки 19:40 чамасында Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 19 куткаруучу облустук суу чарба башкармалыгынын кранын айдатып барышкан.
Кечки саат 20:00дөн өтүп унаадан айдоочунун сөөгү чыгарылган. Сууга чөгүп кеткен жараан 45 жаштагы жол тейлөө ишканасынын кызматкери А.М. аттуу жаран болгон.
Айта кетсек, 13-июнда жаандан Жети-Өгүздө суу ташып анын кесепетинен 3 үйдү суу каптаган .Андан тышкары Көк –Жайык айылына кеткен жолдогу төртүнчү көпүрөнү агызып кете жаздаган.
Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери окуя болгон жерге барып оңдоо иштерин жүргүзүп кеткен.