Бүгүн 15-июнь “Ок” каймана аты менен таанымал, күрөш дүйносүндөгү титулдары эң көп мушкер айымдардын бири Валентина Шевченко Кыргызстанга келди. Бул туурасында “Кулатуу эр таймаш” федерациясынан” (WEF) билдиришти.
“Манас” аэропортунда жыйналган күйөрмандары жана жакындары мушкерди адаттагыдай жылуу тосуп алышты.
12-июнда Сингапурда өтүп жаткан «UFC 275» турниринде кыргыз мушкери Валентина Шевченко жетинчи жолу чемпиондук наамын коргогон. Ал бул беттеште бразилиялык Таила Сантос аттуу мушкер менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган.