7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

iPhone телефондорун ачып, сыйымдуулугун көбөйтүп сатып жүргөндөр кармалды

215

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Айчүрөк» соода борборунун кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Аталган соода борборунун имаратында иш жүргүзгөн «Мостовой» соода түйүндөрүнүн кызматкерлери телефон оңдоочу адистердин жардамы менен сыйымдуулугу 256ГБ болгон жаңы телефондорду ачып, тиешелүү микросхемаларын которуп, мобилдик аппараттардын сыйымдуулугун жасалма ыкмалар аркылуу 1ТБга көбөйтүшкөнү аныкталды. Андан соң телефондор кутучаларга салынып, жаңы жана ачыла электей көрүнүшкө ээ болуу үчүн, жергиликтүү шаардык басмаканаларда жасалган фабрикалык чаптамалар менен оролгон.

Андан ары, жасалма айфондор «Мостовой» дүкөндөр тармагында, ЦУМ «Айчүрөк» жана «ГУМ» соода борборлорунда жайгашкан башка дүкөндөрдө жогорулатылган баада сатыла баштаган.

УКМК «Мостовой» соода түйүндөрүнөн iPhone уюлдук телефондорун сатып алган жарандарды iUnlocker сайты аркылуу жарыяланган заводдук мүнөздөмөсүнө шайкештигин текшерүүнү өтүнөт. Эгерде дал келбестиктер аныкталса же өз алдынча текшерүү мүмкүн болбосо, 0 995 300 871 телефон номуруна кайрылууга чакырат.

216