7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Колуна кишен салынган Райымбек Матраимов. УКМК маалымат берди

527

Эл аралык издөөдө жүргөн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-мартта УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжан Республикасынын аймагында КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов Райымбек Ысмайыловичти эл аралык издөөдө кармап, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келди.

Ошондой эле аны менен бирге бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинди.

Белгилей кетсек, Матраимов жоюлган «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Тактап айтканда, Матраимовго карата  169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери  боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

 

 

528