7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«250 миң сомдой зыян келтирилген». Майлуу-Суунун жалпы дарыгерлик практикалык борборунда мыйзам бузуулар аныкталды

582

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан Майлуу-Суу шаарынын жалпы дарыгерлик практикалык борборунда эмгек мыйзамдарынын аткарылышы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ЖДПБнын жооптуу адамдары тарабынан бир катар кызматкерлер менен мөөнөттөрү мыйзамда белгиленген нормадан ашкан жумуштарды аткаруу үчүн эмгек келишимдери түзүлгөндүгү аныкталган. Жогорудагы мыйзамсыз түзүлгөн эмгек келишимдердин кесепетинен мамлекетке 249 миң 908 сом зыян келтирилген.

Жыйынтыгында 27-февралда Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан Майлуу-Суу шаарынын жалпы дарыгерлик практикалык борборуна прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, аны кароонун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын орду толугу менен өндүрүлүп, жогорудагы мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлер тартиптик жоопкерчиликке тартылышкандыгы тууралуу Э.Асакеев билдирди.

 

 

583