7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот Адахан Мадумаровго өкүм чыгарды

432
 Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго өкүм чыгарды. Бул туурасында аталган соттун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, эл өкүлү күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду.
Бирок соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин абактан чыгарылат. Эгер экинчи тарап жогорку инстанцияга даттанбаса, өкүм 30 күндүн ичинде күчүнө кирет.
Сот Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 209 («Алдамчылык») жана 338инчи («Бийликтен аша чабуу») беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Мадумаров былтыр  сентябрда кармалган. Эл өкүлү анда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган болчу. Анткен менен чоо-жайы ачыкталбай келет. Бирок депутаттын өзүнүн айтымында, анын кармалышы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу. 2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турганда Кыргызстан аталган жерди тажик тараптан 49 жылга ижарага алуусу каралган протоколго кол койгону айтылып келет. Кыргызстан бул документти тааныган эмес.
433