7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Компаньон” банкы чек арада жабыркагандарга 2 млн сом берип, 17 жарандын насыясын кечти

629

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларына “Компаньон” банкы 2 млн сомдук гуманитардык жардам көрсөттү. Ошону менен катар 17 жарандын насыясын кечип, 3 жарандын насыясынын пайызын төмөндөттү.

Ошондой эле банк тарабынан 1 турак үйү күйгөн жаранга 25миң сом материалдык жардам берилди.
Белгилей кетсек КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, буга чейин Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банкттардын өкүлдөрү менен жолугуп, чек арадагы окуяда жабыркаган жарандардын насыяларын кечүү же жеңилдиктерди берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароону тапшырган.

Натыйжада “Мол-Булак”, “Компаньон”, “РСК”, “Бай-Түшүм” банктары чек арадагы окуяда жабыркап, кыйынчылыкка дуушар болгон кардарларынын насыясын кечүү чечимин кабыл алды.

Облус элинин башына түшкөн оор кырдаалда, кабыл алган чечимдери үчүн, аты аталган банкттардын жамаатына, ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев, өзүнүн жана Баткен элинин атынан ыраазычылыгын билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630