7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Конституциялык комитет спикердин орун басарлыгына эки талапкерди жактырды

282

Конституциялык комитет парламенттин төрагасынын орун басарлыгына эки талапкерди жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда белгилүү болду.


Маалыматка ылайык, спикердин орун басарлыгына «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы депутат Улан Исмаиловду, ал эми «Ата Мекен» фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди көрсөттү.


Депутат Бакыт Төрөбаев («Өнүгүү-Прогресс») кесиптештеринен талапкерлерди кийинки жумада кароону суранды. Анын айтымында, Улан Исмаилов үй-бүлөлүк себептерден улам 2-3 күн жыйынга катыша албайт.


«Балким кийинки жумада талапкерлерди кароо боюнча парламентке сунуш киргизебиз”, — деди ал.


Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков бул боюнча чечимди Жогорку Кеңеш өзү карай тургандыгын, Комитеттин компетенциясына белгилүү бир маселени кароо күнүн белгилөө кирбей тургандыгын айтты. Ал эми мүчөлөрү экинчи талапкердин келишин күтөрүн билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

283