7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Контрабанда жолу менен азык-түлүк жүктөп келе жаткан камаз кармалды

688

“Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа, кошуна мамлекеттин аймагынан дарбыз, күрүч жана элге керектелүүчү азыктарды жүктөп келе жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аткезчилик боюнча козголгон административдик иштин алкагында, ушул жылдын 21-октябрында Лейлек райондук сотунда автоунаанын айдоочусу Т.Ж.С. күнөөсүн мойнуна алган.

КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “Камаз” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.

Шектүүгө карата 60 миң сом өлчөмүндө айып жана товар үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө салынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689