7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу тутумунун пилоттук долбоору ишке киргизилүүдө

548

Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилүүдө. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим  россиялык тараптан сунушталган аппараттык жана программалык ККМ жаңы моделдеринин катышуусунда пилоттук долбоорду өткөрүү жолу аркылуу фискалдык маалыматтарды онлайн-режимде берүү функциясы каралган контролдук-кассалык машиналарды пайдалануу механизмин өркүндөтүүгө багытталган.

Пилоттук долбоор пилоттук долбоордо колдонулган фискалдык модулдары бар контролдук-кассалык машинанын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана баалоого, фискалдык маалыматтарды онлайн режимде салык органына чогултууга, аны оңдолбогон түрдө коргоп сактоого, чогултуунун жаңы технологияларын сынап көрүүгө,  салык кызматынын маалымат системасына эсептөөлөр тууралуу маалыматтарды берүүнү уюштуруу үчүн байланыш тармактарын жана сервердик жабдуулардын кубаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн текшерүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле экономикалык натыйжалуулукту, реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүүнүн жаңы технологияларын пайдалануунун оптималдуу ыкмаларын жана чектерин аныктоого, ошондой эле ККМ карата коюлган талаптарга дал келүүсүн текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда өлкөдө маалыматтарды онлайн-режимде берүү функциясы каралган  болжол менен 21, 2 миң ККМ катталган, анын ичинде 3,2 миң ККМ жаңы техникалык талаптарга туура келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

549