7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коомдук бирикме Баткенге 2 кабаттуу оорукана курулуп баштады

962

Бүгүн 22-март күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында “Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жаңы имаратынын курулушу башталды.  Бул тууралуу Баткен облустук басма сөз кызматы билдирди.

Эки кабаттуу жаңы имаратта хирургия бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү, ошондой эле бейтаптар үчүн каналар болот.  Жалпы аянты 510 м2.

Сметалык баасы 28 000 000 сомду түзгөн оорукана «Ас-Сафа-Борбору» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланууда.  Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан,ооруканага керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар орнотулат.

Оорукана  2021-жылдын октябрь айында аяктап,пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

963