7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коопсуздук кеңеши менен Стратегиялык изилдөө институту бирге иш алып барат

827

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институтунун жетекчилиги жана илимий курамы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, тараптар тыгыз кызматташууну жакшыртуу, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы негизги маанилүү саясий жана уюштуруу-башкаруу чечимдерди кабыл алуу боюнча пикир алмашты.

Учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал шарттарында илимий-аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жана актуалдуулугу, алардын артыкчылыктуу темаларын аныктоо боюнча талкуу болду.

Мындан тышкары туруктуу негизде биргелешип иш алып баруу маселеси каралды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

828