7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кореянын башчысы Мун Чжэ Ин Жапаровду Кыргызстандын Президенти болушу менен куттуктады

260

Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Ин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасы 1992-жылы дипломатиялык байланыштар түзүлгөндөн бери достук мамилелерди өнүктүрүп келишүүдө. Анын ичинде 2019-жылдын июль айындагы Түштүк Корея Премьер-министри Ли Нак Ёндун расмий иш сапары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө болду.

Өткөн жылдагы COVID-19га байланыштуу түзүлгөн оор кырдаалга карабастан, Түштүк Корея менен Кыргызстан пандемия менен күрөшүүгө биргелешип күч-аракет жумшашкандыгын жогору баалайм. Мындан ары дагы тыгыз кызматташабыз деп ишенем.

Сизге чың ден соолук, бакубатчылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чексиз өнүгүүсүн каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

261