Бүгүн, 18-декабрга карата коронавирус дагы 40 адамдан аныкталып, 42 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, бир суткада, эки бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 21,
- Чүй облусунда – 5,
- Ош облусунда – 3,
- Талас облусунда – 1,
- Ысык-Көл облусунда – 3,
- Жалал-Абад облусунда – 7 адамдан илдет табылган.
Пандемия башталгандан бери 184 миң 163 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 247 киши айыгып чыкса, 2 миң 781 адам каза болду.