Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКга таандык 62 гектар жер тилкесин мыйзамсыз чыгарып алуу жана ээликтен ажыратуу боюнча коррупциялык схемага бир катар мамлекеттик кызматкерлер менен жарандардын туруктуу мыйзамсыз байланышы бар экендиги такталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул кылмышты уюштурууга Башкы прокуратуранын, Сокулук районунун мамлекеттик каттоо жана «БМКЗ» ААКнын кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталган.
13-декабрда УКМК тарабынан Башкы прокуратуранын кызматкери “Ч.Н.”, “БМКЗ” ААКнын кызматкери “С.М.” жана “Э.Б.”, “Ж.А.” аттуу КР эки жаран кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталгандардын бары 2 айга камалды. Иштин материалдарында такталгандай, кылмыштын уюштуруучусу “Ч.Н.дин” кылмыш схемасы боюнча бул жер тилкеси кылмыштын башка катышуучусу “Э.Б.” аттуу жаранга 460 миң АКШ доллар акча каражатына сатылып кеткен.
Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Маалымат үчүн: «БМКЗ» ААК мурдагы В.И.Ленин атындагы заводдун өнөр жай продукциясын өндүрүү жана сатуу менен алектенген укук мураскери болуп саналат. Анын уюмдаштыруучусу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду.