Баткенде чек арачылар мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүктү аныкташты. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ 17-декабрда Лейлек районунда Опель Астра үлгүсүндөгү унааны токтотушканда 26 жаштагы Кыргыз жараны башкарып бара жаткан.
Унааны текшерүү учурунда 700 килограмм кир жуучу порошок табылып, айдоочуда жүктү коштоочу документтер болгон эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргыз жараны жүктү Тажикстанга алып өтмөк.
Алынган жүктөр жана айдоочу тиешелүү мекемеге тергөө үчүн өткөрүлүп берилди.