7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кош бойлуу келинге көмөк көрсөткөн Жол инспекторлордун эрдиги

598

Чүй облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кош бойлуу келинди төрөт үйүнө жеткирүүгө көмөк көрсөттү.

Аталган кызматтан билдиришкендей, Бишкек — «Манас» аэропорту унаа жолунда саат 10:00 чамасында Дача-Суу айылынын жанынан “Хонда СРV” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу саммит учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлерге жардам сурап кайрылган.

Ал унаадагы келинин төрөт үйүнө алып бара жатканын айтып, келини кыйналып жаткандыгына байланыштуу ооруканага коштоп жеткирип коюну өтүнгөн. Ошол замат кызматкерлер жетекчиликтен коштоп жүрүүгө уруксат алып, андан соң унаанын коштоо менен келинди Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүнө сак саламат жеткиришкен.

Кийин айдоочу келини аман-эсен көз жарып алгандыгын айтып, жол инспекторлоруна рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599