7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коркутуу менен акча талап кылган «Коён» кармалды

526

Ошто коркутуу жолу менен акча талап кылган Коён каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь айында милицияга Ош шаарынын тургуну чоң суммадагы акча каражатын опузалап талап кылгандарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Маалым болгондой, буга чала тааныш эки адам коркутуп, 70 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан. Эми ошол эле адамдар дагы 200 миң сом акча талап кылып жатышканы, эгер бербесе ар-намыска шек келтирген маалыматты таратабыз деп коркутуп жатканы белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдүн бири бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүндө белгилүү болгон жаран экени аныкталды.

Опузалап жаткандарды кармоого атайын операция даярдалып, 16-январь күнү шектүүнү Ош шаарындагы соода борборлорунун биринин унаа токтотуучу жайынан талап кылып жаткан акчанын бир бөлүгүн, 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган жаран буга чейин ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган, «Коен» каймана аты бар, Кара-Суу районунун тургуну 1995-жылы туулган Н.М. аттуу жаран экендиги аныкталды. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда кылмыштын катышуучуларын кармоо боюнча андан аркы ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери уланууда.

527