7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кожошев ККМ-аппараттарды пайдаланууга каршы митингге чыккан жарандар менен жолугушту

1159

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев контролдук-кассалык аппараттарды милдеттүү пайдаланууга каршы митингге чыккан ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кожошев жарандардын сунуш-пикирин угуп, өлкөнүн фискалдык саясатында жаңы кадамдарды киргизүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтты.

Ошондой эле жарандар ага мамлекет башчынын атына жазылган кайрылууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, кайрылууну карап чыгуу жыйынтыгы боюнча, Экономика жана коммерция министрлигинде ишкерлер менен жолугушуу өтүп, анда аларды тынчсыздандырган бардык маселелер боюнча талкуу болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1160